Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Токмокто мунай заводуна каршы митинг өтүп жатат


Токмоктогу мунайды кайра иштетчү заводдун курулушуна каршы жергиликтүү ондогон тургундар ушул тапта ишкананын жанында митинг өткөрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” акцияда жүргөндөрдүн бири Замирбек Көчөрбаев кабарлады. Митинг катышуучулары завод айлана-чөйрөгө экологиялык зыян келтирип, тургундардын ден соолугуна залакасын тийгизерин айтып жатышат. Азырынча алар менен завод жетекчилигинен эч ким чыгып жолуга элек.

Токмокто мунайды кайра иштетүүчү завод Кытай менен биргеликте курулууда. Аны быйыл күзүндө ишке киргизүү мерчемделген.

Он күн мурун заводдун курулушунда эмгектенген 30га жакын адам жумуштагы шартка канааттанбай иш таштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG