Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

Чүйдө Вознесеновка айылынын тургундары жол тосту


Жол тосуу акциясы. Чүй облусу, Панфилов району. Жергиликтүү тургун Алижан Насыров тарткан сүрөт.

Жол тосуу акциясы. Чүй облусу, Панфилов району. Жергиликтүү тургун Алижан Насыров тарткан сүрөт.

Чүйдүн Панфилов районундагы Вознесеновка айылынын тургундары Чоң-Кайыңды капчыгайында иш жүргүзүп жаткан “РедМет” тоо-кен казуу компаниясынын жумушун токтотуу талабы менен Бишкек-Чалдыбар жолун тосушту. Алар компаниянын иши сууну булгап, экологияга коркунуч алып келерин айтып жатышат.

Район акими Өмүр Ногоев “Азаттыкка” билдиргендей, учурда акцияга 300 чамалуу киши катышууда. Ал эми митингге чыккандар 800дөй адам топтолгонун айтууда. Күбөлөр билдиргендей, жол тосулган жерде 50дөн ашуун унаа топтолуп турат. Көпчүлүгү эл ташыган кичи автобустар.

Ногоевдин айтымында, “РедМет” компаниясы кыргызстандык ишкерге таандык. Ишкана өкүлдөрүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Алар акция болуп жаткан жерге да келе элек. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG