Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:13

Батыш Москвадан түшүндүрмө талап кылды


Батыш Москвага кысымды күчөтүп, орусиялык аскерлердин Чыгыш Украинага киргени боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылууда. АКШ Мамдепартаментинин өкүлү 27-августта Вашингтондогу брифингде: “Орусиялык танктардын, залп менен атчу рекактивдүү системалар менен бронетехникалардын кошумча кербени Украинанын түштүк-чыгышындагы жамияттарга көздөй баратканы тууралуу маалыматтар бар. Жикчилердин чек ара жана Марипол ортосундагы жээктеги шаарды аткылаганы, Донецк шаары менен аэропорту ортосунда катуу салгылашуулар жана аткылашуулар болуп жатканы тууралуу да кабарларды көрдүк. Бул Донецк жана Луганскта Орусия жетектеген контрчабуул жүрүүдө деп тыянак кылганга түрткү берет,” - деп билдирди.

Германия канцлери Ангела Меркел 27-августта президент Владимир Путин менен телефондон баарлашканда Орусиянын аскерий интервенциясына “түшүндүрмө берилиш керек” деп деэскалация үчүн “Москванын жоопкерчилиги чоң” экенин баса белгилегени кабарланды.

Москва козголоңчуларга курал бербегенин жана Украинага аскер жөнөтпөгөнүн айтууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG