Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:50

ШКУнун Куралдуу күчтөрүнүн башчылары Бээжинге чогулду


28-августта Бээжинде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн жыйыны ачылат. Анда Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан армиясынын башкы штабынын башчылары Ооганстандан быйыл чет элдик күчтөр чыгып кеткенден кийинки региондогу жагдайды жана башка маселелерди талкуулашат деп болжолдонууда. Орусия жана Кытай башындагы ШКУ Түндүк Атлантика альянсы - НАТОго атаандаш түзүлгөн. Штаб башчылар 29-августта антитеррордук машыгууга күбө болушат. Алты күндүк бул машыгууга Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстандан жети миңдей аскер катышууда. “Тынчтык миссиясы - 2014” маневру авиациялык, зениттик-ракеталык жана радиоэлектрондук дивизиондордун катышуусу менен өтүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG