Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Өзбекстанда бензин тартыш болууда


Май куйган жайлардын көбү жабылып, айдоочулар бензин үчүн узун кезек күтүшүүдө. Өзбек өкмөтү койгон баа боюнча 1 литр бензин 2 миң сум же 85 цент турат. Апта башында өкмөт газдын баасын субсидиялоо токтотуларын жарыялагандан кийин жеке менчик май куйчу жайларда 1 литр бензиндин баасы 3 миң сумга же 1,27 долларга чыгып кеткен. Борбор Азиянын кээ бир өлкөлөрүндө бензиндин орточо наркы 1,70-1,90 доллар.

Өзбекстанда орточо айлык маяна 275 доллар. Өлкөдөгү эки чоң кара май иштетүүчү заводдун жетекчилигинин айтымында, бензин өндүрүү көбөйтүлбөйт.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG