Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

УКМК Саиповдун үстүнөн жазылган арызды кайра алды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы Fergananews.com маалымат сайтынын кабарчысы Шахрух Саиповдун үстүнөн жазган арызын кайтарып алды. Буга редакция менен атайын кызматтын өз ара сүйлөшүп, маселени чечип алганы себеп болгонун “Азаттыкка” УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди:

- Бул маселе боюнча эки тараптуу келишимге жетишилди. Fergananews.com сайты ката кетиргенин мойнуна алгандыктан, биз да арызды кайра алдык. Аталган редакция менен мындан ары кызматташуу, маалыматтарды далил менен жазууга макулдаштык.

Шохрух Саипов "Азаттыка" билдиргендей, редакция ката кетиргенин мойнуна алган жок. Бирок, атайын кызматтын төгүндөөсүн сайтка жарыялады.

УКМК журналистти быйыл 31-майда жарык көргөн макаласы үчүн сотко берген. Сирияга кеткен кыргызстандыктар жөнүндө жазган баянда Саипов бул жааттагы соңку тенденциялар тууралуу айтып, айрым динге берилген тургундардан күч органдары акча алып жатканын белгилеген. УКМК сотко жазган арызында Саиповду коопсуздук кызматкерлеринин беделине шек келтирген деп айыптап, андан 20 миң доллар, же 1 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Бул маселе бүгүн Ош шаардык сотунда каралмак. (SE)

XS
SM
MD
LG