Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

ЕККУ Чыгыш Украинадагы жагдайды талкуулоодо


Укриананын коопсуздук жана коргонуу кеңеши өлкө чыгышындагы кырдаалды талкуулоодо.

Анын алдында Украинанын түштүк чыгышындагы Новоазовск шаары орус аскерлеринин колуна өткөнү кабарланган. Украинанын коопсуздук кеңеши 28-августта орусиялык аскерлер Новоазовск шаарынан башка Новоазовск, Старобешевский, Амросиевский райондорундагы бир нече конуштарды басып алганын Твиттерде жазган эле. Орусия тараптан эки колонна аскер киргенден кийин Новоазовсктын четиндеги украин аскерлери “Град” системасынан аткыланды, деп айтылат Твиттердеги маалыматта.

Мындан улам президент Петро Порошенко Түркиядагы сапарын токтотту. “Орусиялык аскерлер Украинанын территориясына киргенден улам, Украинага зарыл маанилүү эки жактуу жети кездешүү пландалса да Түркиядагы визитимден баш тарттым. Украина президентинин орду бүгүн Киевде,” - деп түшүндүрдү өз чечимин Киев аэропортунан жасаган кайрылуусунда.

Батыш маалымат булактарынын НАТОнун офицерине шилтеп кабарлашынча, Украинанын ичине бир миңден көп орус аскери кирген деп ишенишет.

Президент Порошенко кырдаалды БУУнун Коопсуздук Кеңешинде жана Европа Кеңешинде талкуулоону суранды.

ЕККУ Украинадагы жагдайды бүгүн атайын жыйында кароодо. Украинанын өкүлү жыйында сүйлөп, Орусияны Украинага каршы ачык интервенция баштады деп күнөөлөдү. Орусиянын ЕККУдагы өкүлү Андрей Келин орусиялык күчтөр эч жерден Украина тарапка өткөн жок деп, андай маалыматтарды калпка чыгарды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG