Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

Пакистанда оппозиция армия менен сүйлөшүүгө макул болду


Исламабадда жүрүп жаткан массалык нааразылык акциялардын лидерлери Имран Хан жана Тахир ул-Кадри саясий кризисти чечүү үчүн армия менен сүйлөшүүгө барууга макулдугун берди. Топтолгон адамдардын алдына чыккан Тахир ул-Кадри “армия кризисти чечүү үчүн 24 саат сурады. Биз ага мүмкүнчүлүк бердик” деди. Кадри жана Имран Хандын тарапкерлери 15-августтан бери Пакистан борборунда өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылып, митинг өткөрүүдө. Алар 2013-жылдагы парламенттик шайлоо бурмаланган деп айыптоодо. Өкмөт башчы Наваз Шариф кызматтан кетпешин 28-августта билдирип, бирок 29-августта Түркияга сапарын токтотуп койду. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG