Линктер

жекшемби, 23-апрель, 2017 Бишкек убактысы 12:04

Ооганстанда добуштарды кайра саноо 2-сентябрга аяктабайт


Бул тууралуу 14-июндагы президенттик шайлоодогу бюллетендерди кайра саноого катышып жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү Ян Кубиш 28-августта билдирди. Ооган президенти Хамид Карзайга маалымат берген БУУнун өкүлү кайра саноо 10-сентябрга карай аяктап каларын белгилеген. Ооганстандагы президенттик шайлоодо добуштар бурмаланган деген айыптоолорго жана нааразылык акцияларына байланыштуу 8 млн. добушту кайра саноо башталган. Мурда президент Хамид Карзай жаңы шайланган президенттин ант берүү аземи 2-сентябрда өткөрүлөрүн билдирген. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG