Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:08

Аксыда чек арачыларга үй берилди


Аксы районунун Үч-Коргон айылындагы №2027 аскер бөлүгүнүн Жийде-Сай чек ара тозотунда бүгүн офицерлерге беш батирлүү үй берилди. Бул тууралуу Ош жана Жалал-Абад чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын башчысы Кубатбек Жээнбаев билдирди. Үйдүн курулушу 2010-жылы башталган. Ага мамлекеттик бюджеттен 14 миллион сом бөлүнгөн.

Жалал-Абад облусу Өзбекстан менен 500 километрден ашуун аралыкта чектешет. Анын 23 километри тактала элек.

Бишкектин "Жал" кичи районунда да атайын чек арачылар үчүн 2008-жылы үй салына баштаган. Быйыл май айында 72 кызматкерге батирлердин ачкычы берилген.

2014-жылда чек арачылар үчүн 29 обьект курулуп, тапшырылары буга чейин кабарланган. (RsK\SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG