Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Обама: ИЛИМдин согушчандарына каршы стратегия даярдала элек


Президент Барак Обаманын айтымында, АКШда азырынча Сириядагы “Ирак жана Левант Ислам мамлекети” - ИЛИМ уюмунун согушчандарына каршы күрөшүүнүн стратегиясы жок. "Ал боюнча түрдүү варианттар каралууда",- деди Обама 28-августта. Ал маселени региондогу өнөктөштөр менен талкуулоо үчүн Мамкатчы Жон Керрини Жакынкы Чыгышка жөнөтөрүн билдирди. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү ИЛИМ өңдүү экстремисттердин максатына көңүл кош карабашы керек экенин да кошумчалады. Обама Ирактагы абалга токтолуп, АКШ авиациясы урган соккулардан ИЛИМ чоң жоготууларга учураганын белгиледи:

- Биз урган соккудан ИЛИМ каруу-жарактарын жана жабдыктарын жоготууда. Аларды кээ бир аймактарда Ирак өкмөтүнүн жана күрттөрдүн күчтөрү артка сүрүүдө. Бул миссияны аткарып жаткан күжүрмөн кызматкерлерибиз менен сыймыктанып, алкыш айтабыз.

Ак үйдөгү расмий булактардын айтымында, Обама коңшулаш Сириядагы жихадчыларга да ушундай сокку уруунун мүмкүнчүлүгүн карап көрүүдө.

XS
SM
MD
LG