Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:20

Швейцарияда Кыргызстандын күндөрү өтүүдө


Швейцариянын Люцерн шаарында Кыргызстандын күндөрү өтүп жатат. Атайын аянтчада боз үй тигилип, боорсок бышырылып, келген коноктор кыргыздын улуттук тамак-ашынан даам татты.

Иш-чаранын ачылышына Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Гүлнара Искакова катышты. Өз сөзүндө ал эки мамлекеттин ортосунда мамиле ырааттуу өнүгүп жатканын, Швейцария Кыргызстандын негизги донорлорунун бири экенин айтты. Анын белгилешинче, эки тараптуу кызматташтык башталгандан бери Швейцариядан Кыргызстан 200 миллион долларга жакын жардам алды. Бул каражат өлкөнүн айыл чарба, саламаттыкты сактоо, каржы системасынын ишин жакшыртууга жумшалды.

Люцерндеги иш-чара 31-августта жыйынтыкталат. 30-августта чет өлкөдө отурукташып калган кыргызстандыктардын көйгөйлөрү, тажрыйбасы, ийгиликтери, жергиликтүү эл жана бийлик менен тил табышуу маселелери Швейцариянын мисалында талкууланат.

Кыргызстандын Швейцариядагы күндөрүн журналист, беш жыл мурда Бишкектен көчүп барган Кайрат Биримкулов уюштурууда. Расмий маалымат боюнча бүгүнкү күндө Швейцарияда 100гө чукул кыргызстандык жашайт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG