Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Ош шаардык сотунун имараты авариялык абалда турат


Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык соттун төрагасынын милдетин аткаруучу Жолборс Кудаяров билдирди. Имарат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу менен эки ирет кооптуу деп табылган. Ош шаардык мэриясы мекемеге башка имарат бөлүп берген. Бирок ал жакка көчүүгө жана жаӊы имаратты соттук иш-чараларга ыӊгайлаштырууга каражат тартыш болууда.

Азыркы имараттын эки жеринен жарака кеткен. Шаардык сотто күн сайын 50-60 иш караларын ал жерде иштегендер айтышты. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG