Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:29

Яценюк: Украина НАТОго мүчө болууга умтулат


Украина премьер-министри Арсений Яценюктун айтымында, НАТОго мүчө болуу үчүн өкмөт парламенттен Украина эч кандай союзга кошулбайт деген макамдан баш тартууну сурайт. Эгер мындай мыйзам кабыл алынса, анда Украинанын Евробиримдикке кирүүсүнө жолтоо болчу “ар кандай саясий-экономикалык жана башка союздарга” кошулуусуна тыюу салат.

Бүгүн Брюсселде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн элчилери Украинадагы кризисти кезексиз жыйында талкуулашат. Бир күн мурда АКШ Украинанын чыгышындагы коогалаңдагы ролу жөнүндө “калп айтып жүрөт” деп Орусияны күнөөлөгөн эле.

НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен Украинанын коопсуздук саясаты жана уюмга кошулуу боюнча чечимин колдоорун билдирип, "Орусиянын акыркы айлардагы Украинаны дестабилдештирүү аракети тыйылбады, Москва козголоңчуларды танктар, бронетехника, зениттик-ракеталык системалар менен камсыздап, украин аскерлерин чек аранын эки жагынан тең аткылап жатты",- деди Расмуссен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG