Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Яценюк Украинанын жаңы багытын жарыя кылды


Украина премьер-министри Арсений Яценюктун айтымында, өкмөт НАТОго мүчө болуу үчүн парламенттен Украина эч кандай союзга кошулбайт деген мыйзамдан баш тартууну жана Украинанын НАТОго мүчө болуу багытын колдоону сурайт.

Эгер мындай мыйзам кабыл алынса, анда Украинанын Евробиримдикке кирүүсүнө жолтоо болчу “ар кандай саясий-экономикалык жана башка союздарга кошулуусуна тыюу салат.

Бүгүн Брюсселде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн элчилери Украинадагы кризисти кезексиз жыйында талкуулашат.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 29-августта сүйлөп, Батыш орусиялык аскерлердин Украинага басып киргени тууралуу эч кандай далил көрсөтө албады деп билдирди. Украинанын территориясында кеминде миңге чукул орусиялык аскер жүрөт жана алар артиллериялык бөлүктөн экенин космостон тартылып алынган сүрөттөр көрсөткөнүн НАТО билдирген.

НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен Украинанын коопсуздук саясаты жана уюмга кошулуу боюнча чечимин колдоорун билдирди. Ал ошондой эле Орусиянын акыркы айлардагы Украинаны дестабилдештирүү аракети тыйылбады, Москва козголоңчуларды танктар, бронетехника, зениттик-ракеталык системалар менен камсыздап, украин аскерлерин чек аранын эки жагынан тең аткылап жатканын айтты:

- Москванын танганына карабай, орусиялык аскерлер жана каруу-жарактар Украинанын чыгыш жана түштүк чыгыш чек арасынан мыйзамсыз өткөнү ачык,- деди Расмуссен.

XS
SM
MD
LG