Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Брюсселде Орусияга карата жаңы санкциялар талкууланат


Бүгүн, 30-августта Брюсселде Евробиримдикке кирген мамлекет лидерлеринин саммити болот. Анда Украинадагы абалдан улам Орусияга карата жаңы санкцияларды киргизүү сунушталмакчы.

Жума күнү Милан шаарында Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин эки күндүк бейформал жыйыны башталган. Иш-чарада министрлер Украинадагы соңку кырдаалга Орусияны күнөөлөп, санкциялар менен Москвага ылайыктуу жооп берүү демилгесин көтөрүшкөн.

Мурдараак НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Орусия тараптан акыркы айлардагы Украинаны дестабилдештирүү аракети тыйылбаганын, козголоңчуларды танктар, бронетехника, зениттик-ракеталык системалар менен камсыздап, украин аскерлерин чек аранын эки жагынан тең аткылап жатканын айтып, Москваны күнөөлөгөн.

Ал эми расмий Москва Батыш орусиялык аскерлердин Украинага басып киргени тууралуу эч кандай далил көрсөтө албаганын белгилеп келүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG