Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:39

Бишкекте эгемендик салтанаты эки бөлүктө майрамдалат


31-август күнү майрамдык аземдин биринчи бөлүгү саат 10:00дөн 11ге чейин Ала-Тоо аянтында театрлаштырылган расмий салтанат менен белгиленет. Кечкисин саат 21:00дө эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт тартууланат.

Ошондой ар бир облус, район борборлорунда көз карандысыздыктын 23 жылдыгына карата ири майрамдык иш-чаралар уюштурулат.

Майрамга байланыштуу кыргызстандыктарды куттуктап, чет эл президенттеринен телеграммалардын келиши уланууда. Соңку эки күндө АКШ, Орусия, Кытай, Жапония, Өзбекстан, Армения, Түштүк Корея, Тажикстан, Шри-Ланка, Сингапур жана Түркмөнстандын өлкө башчыларынан куттуктоолор келди.

Кыргызстан 1991-жылы СССРдин курамынан чыгып, көз карандысыз мамлекет катары таанылган. Ошол жылдан 31-август – Эгемендик майрамы катары белгиленет. (SE)

XS
SM
MD
LG