Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:03

Жалал-Абадда веложүрүш уюштурулду


Жалал-Абаддагы веложүрүш. 30-август, 2014. Сүрөттү Нурбек Жолборсов сунуштады.

Жалал-Абаддагы веложүрүш. 30-август, 2014. Сүрөттү Нурбек Жолборсов сунуштады.

Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун активдүү жаштарынын демилгеси менен бүгүн веложүрүш уюштурулду. Ага 150гө жакын улан-кыз катышты.

Сузактын жаштары район борборунан, Жалал-Абад шаарынын өкүлдөрү автобекеттен веложүрүштү баштап, эки топ калаага кире бериштеги чоң дарбазанын жанында жолугушту. Уюштуруучулар “Азаттыкка” кабарлагандай, иш-чара эгемендиктин 23 жылдыгына карата аймактар аралык достукту жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, сергек жашоого үндөө максатында өттү. Веложүрүшту уюштурууга жаңы түптөлгөн партиялардын бири көмөк көрсөттү. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG