Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Царнаев сот ишин жылдырууну суранып жатат


Бостондогу жардырууну уюштурууга шектелип жаткан Жохар Царнаев сот отурумун келерки жылдын 15-сентябрына чейин жылдырууну суранууда. Анын адвокаттары прокуратура тарабынан сунушталган далилдерди карап чыгууга көбүрөөк убакыт керектигин айтып жатышат.

Жохар Царнаев 2013-жылдын 15-апрелинде Бостон марафону учурунда эки жардырууну уюштурган деп айыпталууда. Окуяда үч адам мерт кетип, 250 адам жараат алган. Бир нече күндөн кийин анын агасы Тамерлан Царнаев полиция менен атышуу учурунда каза болгон. Жохар өзү Бостондун жанынан кармалган, андан бери камакта, бирок күнөөнү мойнуна албай келүүдө. АКШ прокуратурасы ага өлүм жазасын берүүнү суранган. (SE)

XS
SM
MD
LG