Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Никарагуа: кырсыкка кабылган беш шахтер дайынсыз


Никарагуада кырсыкка кабылган 20 шахтер куткарылды, дагы беш киши дайынсыз болууда. Өлкө түндүгүндө жайгашкан Бонанза шаарына жакын жердеги шахтага 25 адам бейшемби күнү камалып калганын жергиликтүү маалымат булактары кабарлады. Куткарылгандардын абалы дурус экени айтылууда. Жумуш жүрүп жаткан учурда шахта көчүп, сыртка чыгуучу жол жабылып калган. Кенчилер 800 метр чуңкурда бир жарым күн калып кеткен. Кырсыкка узак мөөнөттүү жамгыр себеп болгон. Маалыматка ылайык, жумушчулар шахта ээсинин эскертүүсүнө карабай, ишти уланта берген.

Өткөн айда да ошол аймакта шахта көчүп, эки киши каза болгон эле. (SE)

XS
SM
MD
LG