Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев эгемендик күнүнө карата куттуктоосунда билдирди. Өлкө башчынын айтымында, Кыргызстандын ынтымыгына доо кетирүүнү каалаган күчтөр көп болууда. Буга мисал катары президент быйыл түштүккө газдын өчүрүлүшүн атады:
- Быйыл коңшулар газды өчүрүп, элибизди сынап жатат. Ага айрым сасык саясатчылар сүйүнүп жатышат. Кыргызстандын өзүбүздөн башка эч кимге кереги жок. Ичибизден ыркырашып, бири-бирибизди күнөөлөп бөлүнсөк, душмандардын отуна май чачкан болобуз. Эгемендикти да сактай албайбыз.
Ушундай сөздөрдү айткан өлкө башчысы жарандарды, саясий күчтөрдү биримдикке чакырды. (BkA)