Президент Алмазбек Атамбаев эгемендик күнүндөгү салтанатта элге кайрылып жатып, өлкөнү газ менен камсыз кылуу маселесине да токтолду. Мамлекет башчы газ Кыргызстандагы ички саясий абалды чайпалтуу үчүн өчүрүлгөнүн айтып, кошуна өлкө жетекчилерине да кайрыла кетти:
- Бул жерде бүгүн коңшу өлкөлөрдүн элчилери да бар. Алар аркылуу аталган өлкөлөрдүн жетекчилерине кайрылгым келет. Урматтуу коңшулар, келгиле ынтымактуу жашайлы. Келгиле бири-бирибизге зыян келтиргендин ордуна жардам берели. Кыргызстанда кайрадан ыңкылап болот дегендерге ишенбегиле. Мындай нерсе эч качан болбойт. Биз өзүбүздүн “Араб жазын” башыбыздан өткөрдүк.
Ошондой эле президент Орусиянын “Газпром” компаниясы өлкөнү газ менен камсыздоо боюнча бир нече долбоорду баштай турганын, кийинки жаздан тарта түндүк-түштүк газ магистралын куруу башталаарын билдирди.
Быйыл апрелде “Кыргызгаз” ишканасы толугу менен “Газпромго” сатылган. Андан көп өтпөй Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтотуп, аймактын калкы азырга дейре газсыз отурат. Андан бери кыргыз өкмөтү өзбек бийликтерине бул боюнча бир нече жолу кайрылып, бирок коңшу өлкө сөзгө келбей жатканын айтып келет. (BkA)