Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

Атамбаев: Түндүк-түштүк газ магистралы курулат


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев эгемендик күнүнө карата кайрылуусунда билдирди. Атамбаевдин айтымында, бул тууралуу өткөн аптада Орусиянын “Газпром” компаниясынын башчысы Алексей Миллердин Кыргызстандагы сапары учурунда макулдашылды:

- Миллер менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгында ушул жылдын 1-октябрынан тарта “Газпром” Кыргызстандын түндүк аймактарына миң куб метр газды 165 доллардан алып келет. Мурун 224 доллардан алып келчү. Мындай жол менен Бишкек түндүктөгү башка шаарларда газдын баасы 1,5 эсеге арзандайт, - деди өлкө башчысы

Мындан сырткары президент Атамбаев “Газпром” мурда убада кылган 20 миллиард рубль инвестицияга дагы кошумча 45 миллиард рубль кошуп, түндүк-түштүк газ магристралын курганы жатканын, анын курулушу кийинки жылдын жазынан тарта башталарын кошумчалады.

Бул иштер бүткөнгө чейин газсыз калган түштүктүн тургундарын электр энергиясы менен жетиштүү камсыз кылуу үчүн “Газпром” Энергетика министрлигине 20 миллион сом жеңилдетилген насыя бермекчи.

Ошондой эле президент Кызыл-Кыяда көмүрдөн газ алчу завод куруу долбоорлонуп жатканын кабарлады.(BkA)

XS
SM
MD
LG