Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Атамбаев: Парламенттик системаны дискредитациялоо жүрүп жатат


Президент Алмазбек Атамбаев эгемендик салтанатында сүйлөп жатып өлкөдө парламенттик башкаруу системасын толугу менен дискредитациялоо жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда өкмөт менен парламент өз милдетин толук түшүнбөй жатат:

- Өлкөдөгү стратегиялык жолдор кайсы бир кылмышкерди бошотуу талабы менен жабылып жатса, бир айыл өлкөнүн тоо-кен тармагын аныктоого, экинчи айыл чек араны демаркациялоо маселесин өз алдынча чечүүгө аракет кылып жатат. Паралмент болсо буга көз жумуп, айрым учурда ачык эле колдоп жатат. Өкмөт болсо муну көрмөксөн болуп отурат.

Президенттин айтымында, депутаттар кийинки шайлоону ойлоп жатса, өкмөт мүчөлөрү өз кызмат ордунан жоготуп алам деп эч нерсе кылбай жатат. Натыйжада өлкөдө коллективдик жоопкерсиздик өкүм сүрүүдө. Мындай аракеттер парламенттик системаны дискредитациялап жатканын эскерткен президент парламент жетекчилигин, фракция лидерлерин буга каршы чара көрүүгө чакырды.(BkA)

XS
SM
MD
LG