Ош шаарынын тургуну, 19 жаштагы студент жигит Бектеналы Абдрахманов бүгүн шаардыктарды өзүнүн машинеси менен акысыз ташып жүрөт. "31-август биз үчүн аябай чоң мааниге ээ. Көз карандысыздык - бул элибиздин эң чоң байлыгы. Менин колумдан автоунаа айдап, элиме ушул жагынан гана жардам берүү келет экен. Ар бир кардарга жылуу мамиле көрсөтүп, ар бирине бирден шириндик таратып куттуктап жатам”, – дейт студент Абдрахманов.
Ал түшкө чейин эле 50дөн ашык адамды эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, айткан жерине акысыз жеткирди. Студенттин жумушу кечки сегизге чейин уланат. (RsK)