Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Евробиримдик Москвага каршы жаңы санкцияларды даярдоодо


Орусиянын Украиндагы аракеттерине байланыштуу Еврошаркет Москвага каршы жаңы санкцияларды караштырууда. Бул тууралуу Европа кеңешинин төрагасы Херман ван Ромпей билдирди. Бир жуманын ичинде жаңы чектөөлөр боюнча баардык сунуштар каралат. Ван Ромпей бул билдирүүнү бүгүн Брюсселде жыйынтыкталган Еврокеңештин саммитинен кийин жасады. Германия канцлери Ангела Меркел журналистерге билдиргендей, Украинанын чыгышындагы абал өзгөрүүсүз калса же мындан да катаалдашып кетсе, Орусияга каршы дароо жаңы санкциялар киргизилет.

Бир ай мурда Евробиримдик менен АКШ Орусияга каршы киргизген санкциялар орусиялык банктардын эл аралык каржы базарына кирүүсүн, Европадан аскерий жана тынчтык максаттарда колдонулуучу товарларды сатып алууну чектеген.

28-августта НАТОнун өкүлү Украинада сепаратисттер тарапта миңден ашуун орус аскерлери согушуп жатканын билдирген. Москва бул айыптоолорду четке кагууда.

XS
SM
MD
LG