Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Атамбаев: Эгемендиктин баркын билели


Атамбаев: Эгемендиктин баркын билели
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

Президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусунан, 31-август.

Президент Алмазбек Атамбаевдин эгемендик күнүнө арналган салтанаттагы сөзү өлкө коомчулугунда түрдүү пикирлерди пайда кылып, талаш-тартышка жем таштады.

Мамлекет башчы анда өлкө ынтымыгына доо кетирүүнү каалаган күчтөр көп экенин, парламенттик башкаруу системасы дискредитацияланып жатканын айтты.

"Кошуналар бизди сынап жатат"

Быйылкы эгемендүүлүк күнү президенттин адаттан тыш кайрылуусу менен өзгөчөлөндү. Эгемендик салтанатында куттук сөз айткан Алмазбек Атамбаев өлкө калкын эгемендиктин баркын билүүгө чакырды. Өлкө башчынын айтымында, Кыргызстандын ынтымыгына доо кетирүүнү каалаган күчтөр көп болууда. Буга мисал катары президент быйыл түштүккө газдын өчүрүлүшүн атады:

- Быйыл коңшулар газды өчүрүп, элибизди сынап жатат. Ага айрым сасык саясатчылар сүйүнүп жатышат. Кыргызстандын өзүбүздөн башка эч кимге кереги жок. Ичибизден ыркырашып, бири-бирибизди күнөөлөп бөлүнсөк, душмандардын отуна май чачкан болобуз. Эгемендикти да сактай албайбыз.

Өлкөнү газ менен камсыз кылуу маселесине да өзүнчө токтолгон мамлекет башчы газ Кыргызстандагы ички саясий абалды чайпалтуу үчүн өчүрүлгөнүн айтып, кошуна өлкө жетекчилерине да кайрыла кетти:

- Бул жерде бүгүн коңшу өлкөлөрдүн элчилери да бар. Алар аркылуу аталган өлкөлөрдүн жетекчилерине кайрылгым келет. Урматтуу коңшулар, келгиле ынтымактуу жашайлы. Келгиле бири-бирибизге зыян келтиргендин ордуна жардам берели. Кыргызстанда кайрадан ыңкылап болот дегендерге ишенбегиле. Мындай нерсе эч качан болбойт. Биз өзүбүздүн “Араб жазын” башыбыздан өткөрдүк.

Ошондой эле президент Орусиянын “Газпром” компаниясы өлкөнү газ менен камсыздоо боюнча бир нече долбоорду баштай турганын, кийинки жаздан тарта түндүк-түштүк газ магистралын куруу башталарын билдирди. Андай айтылганга караганда, Ушул жылдын 1-октябрынан баштап “Газпром” Кыргызстандын түндүк аймактарына миң куб метр газды 165 доллардан алып келет. Ошондо Бишкек, түндүктөгү башка шаарларда газдын баасы 1,5 эсеге арзандайт. Азыр миң куб метр газды Кыргызстан 224 доллардан алып келүүдө.

Президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусунан, 31-август.
Түндүк-түштүк газ магистралы курулат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00

Парламенттик башкаруу - жамааттык жоопкерсиздикпи?

Атамбаев парламенттик башкаруу боюнча дагы сөз козгоп, өлкөдө парламенттик башкаруу системасын толугу менен дискредитациялоо жүрүп жатат деди. Ал өз сөзүндө Кыргызстанда өкмөт менен парламент өз милдетин толук түшүнбөй, депутаттар кийинки шайлоону ойлоп жатса, өкмөт мүчөлөрү өз кызмат ордунан жоготуп алуудан коркуп, эч нерсе кылбай жатат. Натыйжада өлкөдө жамааттык жоопкерсиздик өкүм сүрүүдө. Мындай аракеттер парламенттик системаны дискредитациялап жатканын эскерткен президент парламент жетекчилигин, фракция лидерлерин буга каршы чара көрүүгө чакырды.

- Жыйынтыгы кандай болот, мындай иштер улана берсе. Парламенттик башкаруу системасында баары башкарса, ал эми жетекчилер эч нерсе чече албаса, анан натыйжасында жоопкерчиликти эч ким тартпаса? Бизге ушундай системанын кереги барбы? Өлкөдө парлементтик башкаруу системасын толугу менен дискредитациялоо жүрүп жатат. Өкмөт башчылары, парламент, фракция жетекчилери бул маселени ойлонгула эртерээк. Парламент мыйзам чыгарып, мыйзамды аткарыш керек, коррупционерлерди коргоо менен алектенбей.

Президент Бажы биримдигине кирүүдөн башка альтернатива жок экенин да белгилеп, бул жараян өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө түрткү болоорун айтты.

Президент парламенттик башкаруудан көңүлү калдыбы?

Атамбаевдин мына ушундай узун сабак сөзү учурда коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев чынында парламенттик системанын баркын кетирген топтор бар экенин моюндайт. Ал президент Алмазбек Атамбаевдин бүгүнкү кайрылуусу жөндүү болду деген ойдо:

- Бүгүнкү башкаруу системасын ишке ашырууга президент баш болуп баарыбыз милдеттүүбүз. Ал эми бүгүнкү кайрылуу менен Атамбаев парламенттик башкаруу системасынан көңүлү калды дегенге болбойт. Ал бул системадагы кемчиликтерди ар дайым ачык айтат. Ошондой эле системаны ишке ашыруудагы лидерлердин, саясатчылардын кемчиликтерин ачык айтып келет. Президенттин бүгүнкү кайрылуусу системаны эмес, анын маңызын түшүнбөй жаткан лидерди сындаганы деп эсептейм.

Ал эми президенттин кайрылуусун оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров өз кемчилигин башкаларга арта салуу амалы катары баалады.

- Бул системага өзү күнөлүү. Эми күнөөнү башкалардан издеп, оппозициядан көрүп жатат. Жогорку Кеңешти, өкмөттү күнөөлөгөнү бул баягы эле Акаев, Бакиевдин доорундай догурунуп дооматын артып жатат. Болбосо өзү реалдуу бийликтин ээси да. Бир да жолу Назарбаев, Каримов же Рахмон менен барып сүйлөшкөн жок. Анын ордуна ар кандай сөз сүйлө, чырга себеп болуп жатат. Ал эми Путинге чөгөлөп, эки күндүн биринде Орусияда жүрөт.

Саясий илимдеринин кандитаты, журналист Бакыт Орунбеков болсо президент бүгүнкү сөзүндө дипломатиялык этиканын чегинен чыгып кетти деп эсептейт.

- Президенттин бүгүнкү сөзү чачкын болду. Анан дагы президент дипломатиялык этиканын чегинен чыгып кетти деп эсептейм. Бул сөздөрдү өкмөттүн жыйынында сүйлөшү керек го... Бирөөгө күнөө койгондой, бирөөгө таарынгандай, ашыра акыл айткандай болуп сүйлөдү. Бул күндөру жакшы маанай тартуулап, дем-күч бергендей сүйлөсө жакшы болмок.

Дагы бир саясатчы Эдил Байсалов болсо президент майрам күнү кошуналарды сындаганын туура көрбөйт:

- Эми коңшулар арасында эмес, бир туугандар арасында дагы түшүнбөстүктөр болот. Бирок ошол мамилелерди майрам күнү жакшыртуунун, дипломатиялык мамиленин ордуна, кайр жараны козгоп туура эмес сөздөр айтылды деп ойлойм. Бизге кандай болгон күндө дагы коңшу Өзбекстан менен Тажикстан жакын мамлекеттер. Эмки жумада Алмазбек Атамбаев Душанбеге барып, Шаңкай уюмунун саммитине катышат. Ушул сөздөрдү ошол жерден деле айта алмак. Анан бардыгын эле Москва чечет, Путидин колдоосу менен чечилип калат деген болбойт да. "Менин бир эле досум бар, аны менен эле достошом. Калганынын кереги жок" деген саясат жарабайт бизге. Тизе бүкпөйбуз дейбиз, бирок бир мамлекетке көз каранды болуп жатабыз да.

Деген менен аянтка келген калың элдин ичинен Атамбаевдин сөзүн колдогондор да арбын болду.

- Жакшы сүйлөдү, баарын ачык айтты. Мурдагыдай жаап-жашырган жок, - дейт аянтка келген Асан аттуу бир тургун.

Ошентип президенттин эгемендик салтанатындагы билдирүүсү азыр саясий чөйрөдө кызуу талкууланып, коомчулукта түрдүү пикирлер айтылып жаткан кез.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG