Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Назарбаев Евразия экономикалык биримдигинен чыгууну кыйытты


Бул тууралуу казак президенти “Хабар” телеканалына берген маегинде билдирди. “Эгер мурда келишимде жазылган эрежелер аткарылбаса, анда Казакстан Евразия экономикалык союзунун мүчөлүгүнөн чыгып кетүүгө акысы бар. Астана эч качан Казакстандын төбөлсүздүгүнө коркунуч жараткан уюмдун курамында болбойт”, - деди президент Назарбаев.

Орус президенти Владимир Путин 28-августта “Селигер” жаштар форумунда сүйлөп жатып Назарбаевге чейин Казакстандын мамлекеттүүлүгү болбогонун билдирген. Орус лидеринин бул сөзү казакстандыктардын нааразылыгын жаратты.

Андан бир нече күн мурда Либерал-демократтар партиясынын лидери Владимир Жириновский “Эхо Москвы” радиосундагы маегинде Кремль Украинадан кийин антиорусиялык маанай күчөп бараткан Казакстанга көз салыш керектигин айткан.

XS
SM
MD
LG