Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:22

Текебаев: Парламентте системанын баркын кетирген топтор бар


Мындай пикирин “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, президент Алмазбек Атамбаевдин бүгүнкү кайрылуусу жөндүү болду. Парламентте кылмыш дүйнөсүн, коррупцияга шектелгендерди колдогон топтор пайда болду. Алар өлкөдөгү парламенттик башкаруу системасынын баркын кетирип жатышат:

- Бүгүнкү башкаруу системасын ишке ашырууга президент баш болуп баарыбыз милдеттүүбүз. Ал эми бүгүнкү кайрылуу менен Атамбаев парламенттик башкаруу системасынан көңүл калды дегенге болбойт. Ал бул системадагы кемчиликтерди ар дайым ачык айтат. Ошондой эле системаны ишке ашыруудагы лидерлердин, саясатчылардын кемчиликтерин ачык айтып келет. Президенттин бүгүнкү кайрылуусу системаны эмес, анын маңызын түшүнбөй жаткан лидерди сындаганы деп эсептейм.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев эгемендик майрамындагы салтанатта сүйлөп жатып, Кыргызстанда өкмөт менен парламент өз милдетин толук түшүнбөй, парламенттик башкаруу системасын дискредитациялоо жүрүп жатканын билдирген. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG