Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:01

Путин: Украин бийлиги өлкө чыгышында сүйлөшүү башташы керек


Орусиянын президенти Владимир Путин Украина бийликтери өлкө чыгышындагы конфликтти токтотуу үчүн бул аймакта мамлекеттүүлүк тууралуу сүйлөшүүлөрдү башташы керек экенин айтып чыкты. Бул тууралуу Путин Орусиянын Биринчи каналындагы маегинде билдирди.

Анда орус президенти Украинанын түштүк-чыгышында жашаган адамдардын мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоо үчүн тезинен сүйлөшүүлөрдү баштоо керек деп билдирди. Ошол эле учурда Путин Украинада адамдарды четинен атып жаткан учурда Москва четте карап тура албасын да кошумчалады.

Батыш өлкөлөрү жана Украина өлкөнүн чыгышындагы окуяларда Москва жикчилерди колдоп жардам берип жатат деп айыптап келет. Бирок Орусия муну четке кагып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG