Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:44

Бажы биримдигине каршы кыймылдын мүчөлөрүн милиция кармап кетти


Бүгүн кечке жуук Бишкектеги Ала-Тоо аянтында кызыл лента таратып жүргөн «Кыргызстан Бажы биримдигине каршы» кыймылынын мүчөлөрүн милиция кармап кеткенин «Азаттыка» аталган кыймылдан кабарлашты.

Кыймыл бүгүн аянтта Эгемендүүлүк күнүнө арналган акция уюштуруп жаткан. Аталган кыймылдан кабарлашкандай, укук коргоо органдарына бул акция тууралуу алдын-ала маалымдама берилген, бирок ага карабастан активисттерди кармап кетишти. Азыр алар Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө сурак берип жатышат.

Алдын-ала маалымат боюнча, кыймылдын лидери Марат Мүсүралиев менен кошо дагы бир адам кармалды. Бул боюнча милициядан комментарий алууга азырынча мүмкүн болбой жатат. (BK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG