Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:13

Рамади калаасындагы жардыруу 37 кишинин өмүрүн алып кетти


Ирактын Анбар провинциясында жайгашкан Рамади шаарында жекшемби күнү жанкечти өзүн жардырып, андан 37 кишинин өмүрү кыйылды. Курман болгондордун 22си коопсуздук кызматкерлери. Жергиликтүү полициянын маалыматына ылайык, жанкечти аскерлер жайгашкан имаратка жакын жерде өзүн жардырган.

Быйыл жыл башынан бери Ирактын түндүгүндө өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топтун мүчөлөрү менен өкмөт күчтөрү ортосундагы салгылашуу уланып келүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG