Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

Австриялык киночулар кыргыз айылдарын кыдырат


Австриялык белгилүү документалисттер Кыргызстандын 21 айылын автобус менен кыдырып, тургундарга адам укуктарына арналган даректүү тасмаларды көрсөтушөт. Сентябрдын бешинен он бешине чейинки аралыкка пландалган Bus Tour алкагында австриялык кино адистер Аскан Бройер жана Виктор Жашке тургундарга адам укуктарына арналган тасмаларды көрсөтүү менен катар ушул темада талкууларды да уюштурушат. Бул тууралуу “Азаттыкка” «Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо уюмунан кабарлашты.

Bus Tour долбоору жарандарды даректүү тасмалардын жардамы менен коомдук форумдарга тартуу, фильмдердеги тагдырлар аркылуу көпчүлүктүн көңүлүн адам укуктары темасына бурдуруу максатын көздөйт. Австриялык киночулар Чоң-Кемин, Арстанбап, Гүлчө, Сары-Могол, Дароот-Коргон, Суусамыр, Соң-Көл жана башка айылдарга барышат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG