Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

Бажы биримдигине каршы кыймылдын лидери милицияга сурак берди


“Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылынын лидери Марат Мүсүралиев эгемендик майрамында уюштурган акция үчүн милицияга сурак берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” активист өзү билдирди.

31-август күнү ал Бишкектеги Ала-Тоо аянтына топтолгон жарандарга кыргыз желегинин сүрөтү түшүрүлгөн кызыл тасма таратууга барган учурда милиция кармап кеткен. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери үч саат сурак жүргүзгөн соң аны бошоткон. Бул боюнча милициядан комментарий алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

Активист акция тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгына алдын ала маалымдалганын, иш-чараны элди майрам менен куттуктоо максатында уюштурганын айтууда.

“Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылы быйыл 9-май күнү да жарандарга георгий тасмасынын ордуна боз үй түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн кызыл тасма тараткан. Ал үчүн күч органдары активисттерди суракка алган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG