Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

Президент Атамбаев 21 жогорку окуу жайды кыскартуу керектигин айтты


Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы 31 мамлекеттик жогорку окуу жайдын онун гана калтырып, калганын кыскартууну сунуштады. Ал мындай оюн Чүйдөгү Маданият айылындагы жаңы мектептин ачылышында айтты.

Президент союз маалында 10 гана жогорку окуу жай күчтүү адистерди даярдаганын эске салып, учурда 52 жогорку окуу жай сырттан билим алган сабатсыз адистерди даярдап жатканына кейиди.

Мамлекет башчысы мындан сырткары Билим берүү министри Канат Садыковдун ишин сынга алып, аны бул тармакты тез арада реформалоого чакырды. (UEz)

XS
SM
MD
LG