Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

“Коопсуз шаар” долбооруна кайрадан тендер жарыяланат


Бишкек жана Ош шаарларындагы коопсуздукту камсыздоону көздөгөн “Коопсуз шаар” долбооруна эртең кайрадан тендер жарыяланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, бул долбоорго 43 млн. доллар каралган. Учурда он чакты компания тендерге катышуу нитетин билдирген. План боюнча “Коопсуз шаар” долбоору ноябрда ишке кириши керек.

Шаар көчөлөрүнө видеокөзөмөл орнотуу аркылуу коопсуздукту камсыздоону көздөгөн “Коопсуз шаар” долбооруна Зарылбек Рысалиев ИИМди жетектеп турганда тендер жарыяланган болчу. Кийинчерээк аталган тендер боюнча мыйзамсыз иштер аныкталып, сот аны жокко чыгарган. (UEz)

XS
SM
MD
LG