Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:55

Порошенко: Орусия Украинага ачыктан ачык интервенция жасады


Орусиянын аскерлери Украинанын чыгышына басып кирбейт. Бул жөнүндө өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров 1-сентябрда Москвада чет элдик студенттер менен кездешүүдө билдирди. Чыгыш Украинада апрелден бери орусиячыл жикчилдер өкмөттүк аскерлер менен салгылашууда. НАТО жакында Украинанын территориясында кеминде миң орус аскери бар экенин билдирген.

Дүйшөмбү күнү Украин президенти Петро Порошенко Орусияны өлкөгө “ачыктан ачык басып кирди”, бул согуш майданындагы өкмөттүк күчтөрдүн абалын катаалдантты деди Киевде Аскерий академиянын бүтүрүүчүлөрү алдында.

Австралиянын премьер-министри Тони Эботт 1-сентябрда: "Украинадагы жаңжалда кеминде 2 500 адамдын өмүрү жайран болду. Бул жакта эмне болгонун ачык айтайын. Муну Орусия баштады жана адамдардын өлүмү үчүн жоопкерчиликти Орусия өзүнө алышы керек. Орусия азыр Украинанын чыгышын уят-сыяты жок эле Украинадан кертип алууга аракет жасоодо," - деди Канберрада өлкө парламентинде сүйлөп.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG