Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

Караколдо жол кире 3 сомго көтөрүлдү


Каракол шаарында маршруттук каттамдардын жол акысы бүгүндөн тарта 10 сомго көтөрүлдү. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Эрлан Айсаракунов билдирди.

Анын айтымында, айдоочулар күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташына байланыштуу жол кирени көтөрүү талабы менен шаардык кеңешке бир нече жолу кайрылышкан.

Буга чейин маршрутканын жол акысы 7 сомдон болчу.

Мындан мурдараак Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары да жол кирени көтөрүү талабы менен эки күн иш ташташкан. Бирок шаардык кеңеш жол акыны көтөрүүгө азырынча негиз жок экенин айтып келет. (UEz/MKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG