Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:19

Тахир ул-Кадри: Биз жаңы Пакистанды жасайбыз


Пакистандын коопсуздук күчтөрү өкмөттүк телеборборду антиөкмөттүк протестчилерден тазалады. Кабарчылардын маалымдашынча, протестчилер Исламабаддагы телеборборду басып алып, берүүлөрдү обого чыгарбай койгон эле. Демонстранттар телеборборду тынч, эч кандай каршылык көрсөтпөй таштап кетишкен.

Оппозициячыл саясатчы Имран Хан жана кара жаак даватчы Тахир ул-Кадри баштаган калайык Наваз Шарифтин премьерликтен кетүүсүн талап кылууда. Ул-Кадри кечээ тарапкерлерине кайрылып, алар өкмөттү кызматтан кетирүү менен чектелбесин эскертти: "Биз отставкадан кийин кетпейбиз, биз жаңы Пакистанды жасап гана кетебиз. Мен сиздерге ыңкылапты бергени жатам... Кудай кааласа, ыңкылап келе жатат.”

Протестчилер 30-августта премьер-министр Шарифтин резиденциясына кол салмак болгондо үч адам өлүп, жүздөгөн адамдар жаракат алган. Эртеси да таш-таяктар менен куралданган протестчилер өкмөт башчынын резиденциясын курчап турган полиция менен кагылышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG