Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Ирактын Амирли шаары согушкерлердин камоосунан бошотулду


Шиит милициясы жана күрт аскерлери-пешмаргелер колдогон Ирак армиясы Амирли шаарына киришти. Түркмөн шииттер жашаган шаар эки айдан бери “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандарынын камоосунда суу жана азык-түлүк жетпей кыйналып жаткан. Ирактын түндүгүндөгү Амирлини бошотуу операциясы 30-августта башталган.

АКШ 30-августта Амирлинин атарабындагы согушчандарга абадан үч ирет сокку урулганын жана шаар элине гумжардам ташталганын билдирген.

Германиянын коргоо министри Урсула фон дер Лайен 31-августта Берлиндеги маалымат жыйынында: ”Биз пешмаргелерге аскердик жабдууларды, анын ичинде каруу-жарак жана ок-даары жиберебиз. Бул иштерди өз өнөктөштүрүбүз менен макулдашып жүргүзүүдөбүз... Биз пешмаргелер кандай куралдарга муктаж экенин тактап, аларды эл аралык коомчулуктан ким жеткирерин да макулдашуудабыз,” - деп билдирди.

XS
SM
MD
LG