Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Иса Өмүркуловду шаардык сот да актады


Бишкек шаардык соту мурдагы калаа башчысы Иса Өмүркулов боюнча прокуратуранын доо арызын канааттандырган жок. Шаардык сот Өмүркуловду актаган Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттон бүгүн кабарлашты.

Прокуратура Иса Өмүркулов кызмат абалынан аша чапты деп февраль айында айып койгон. Бирок 1-августта Октябрь райондук соту Өмуркуловду жана Бишкек шаардык мэриясынын бир нече кызматкерин толук актаган.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон Өмүркуловду 8 жылга эркинен ажыратууну суранган болчу. (UEz)

XS
SM
MD
LG