Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:40

Оторбаев Масимов менен Үрүмчүдө жолукту


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Үрүмчүгө болгон иш сапарынын алкагында Кытайдын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ван Ян баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү жана ири ишкана ээлери менен жолукту. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыгын талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчы Үрүмчүдө казак премьер-министри Карим Масимов менен да жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жоомарт Оторбаев иш сапарынын алкагында IV эл аралык ЭКСПО “Кытай-Евразия” көргөзмөсүнө катышып, Кыргызстандын тышкы соодасынын багыттары жана өлкөгө инвесторлорду тартуу боюнча сөз сүйлөдү. Оторбаевдин Синцзян-Уйгур автоном аймагына болгон иш сапары эртең жыйынтыкталат (UEz)

XS
SM
MD
LG