Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Назарбаев: Казакстандын ЕЭСтен чыгууга акысы бар


Президент Назарбаев эгер Евразия экономикалык союзу - ЕЭС Kaзакстандын төбөлсүздүгүнө коркунуч жаратса, Астана биримдикти калтырып кетиши этимал деди. ЕЭСке Казакстанга катар Орусия жана Беларус мүчө болот. Азыркы бажы союзунун негизинде пайда болчу ЕЭС 2015-жылдын 1-январанын тарта ишке кирет.

Назарбаев 30-августта “Хабар” телеканалына берген интервьюда “непада мурдакы келишимдер аткарылбаса, Казакстанда ЕЭСден чыгууга акысы бар” деп, “Астана өлкөнүн өз алдынчалыгына коркунуч туудурган эч бир уюмга мүчө болуп өтпөсүн” айтты.

Орусия президенти Путин 29-августта “Селигер” жаштар форумунда сүйлөп: “Казактарда эч качан өз мамлекети болбогон. Аны Нурсултан Назарбаев түздү,” – деген болчу.

Москва Крымды аннексиялап, артынан Чыгыш Украинада орусиячыл жикчилдер баш көтөргөнү Батышта жана коңшу өлкөлөрдө Кремль экс-советтик аймакты контролдоо аракетин күчөтөт деген чочулоо күчөй баштады.

XS
SM
MD
LG