Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Өзбекстан төбөлсүздүк күнүн белгилөөдө


Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгына арналып, Ташкентте уюштурулган майрамдык жөрөлгөлөргө президент Ислам Каримов да катышты. Каримовдун салтанатта айтышынча, күнкорсуздук жылдаргы экономикага 180 млрд. доллар капитал салынса, анын 60 млрд. долларын чет элдик инвесторлор салган. Натыйжада ички дүң жыйым 5 эсе, жан башына киреше 3,7 эсе, жашоо деңгээли 8,7 эсе өскөн. Элдин саны 10 миллионго көбөйүп, 31 миллионго чыкты, деди президент Каримов.

2014-жылдын биринчи жарымында Өзбекстан-Казакстан ортосундагы сооданын көлөмү 1 миллиард 600 миллион долларды түздү. Бул өткөн жарым жылга салыштырмалуу 25 процентке көп, деп билдирди Ташкенттеги казак элчиси Бөрүбай Жексембин Өзбекстандын эрктүүлүгүнө арналган салтанатта.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG