Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Британия “жихадчыларга” каршы чараларды күчөтөт


Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон дүйшөмбү күнү өлкө парламентинде сүйлөп жатып, Сирия жана Иракта жихадчылардын катарына кошулган Британия жарандарына кескин чараларды көрүү сунушун киргизди.

29-августта өкмөт Сирия менен Ирактагы британиялык жихадчылар тарабынан мамлекетте террордук аракеттердин жасалышы мүмкүндүгүн эскерткен.

Дэвид Кэмерондун айтымында, Жакыңкы Чыгышка “жихадга кеткен болушу мүмкүн” деп шектелип жаткан жарандар убактылуу өлкөгө киргизилбейт:

- Полиция кызматкерлерине “жихадчылыкка” шектелип жаткан жарандардын паспортун алып коюуга укук берилет. Күч органдары тарабынан шектүү кишилердин ар бир кадамын көзөмөлгө алуу күчөтүлөт. Ошондой эле мурда мамлекеттен чыгып кетип, чет өлкөдө экстремисттик топтордун катарында жүргөн кишилер мамлекетке киргизилбейт.

Өткөн айда америкалык журналист Жэймс Фоули “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун британ мүчөсү тарабынан өлтүрүлүшүнөн улам “Британияга кайтып келаткан жихадчылар террордук аракеттерди жасашы мүмкүн”,- деген шек саноолорду күчөттү.

XS
SM
MD
LG