Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарга каршы акция өтүүдө


Бишкекте курулуп жаткан мыйзамсыз курулуштарга карата соттордун чара көрүүсүн талап кылган 50 чакты шаар тургуну Жогорку Cоттун алдына митинг өткөрүп жатышат. Алар бул боюнча сот, прокуратура органдарынын аракетсиздигин сынга алышууда.

Бул тууралуу нааразылык акциясынын уюштуруучуларынын бири, “Көп батирлүү үйлөр” коомдук бирикмесинин башчысы Калича Умуралиева билдирди:

- Мыйзамсыз курулуштар боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, өз корутундусун чыгарган. Бирок ушу кезге чейин бир дагы мыйзамсыз курулушка чара көрүлгөн жок. Соттордун мыйзамсыз чечимдери башаламан курулуштарга жол ачып жатат, - деди Умуралиева.

Митингге чыккандар Жогорку Соттон Ак үйгө чейин жөө жүрүш жасап, калаа башчысы Кубанычбек Кулматовдун кызматтан кетүүсүн талап кылышат.

Бишкек башкы архитектурасы баш калаада миңге жакын жаңы объект курулуп жатса, анын 50гө жакыны мыйзамсыз экенин айтып келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG