Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Караколдо сабалган жоокердин иши иликтенип жатат


Каракол шаарында жайгашкан чек ара кызматынын №2028 аскердик бөлүгүндө 31-августтун кечинде капитан катардагы жоокерди ур-токмокко алган. Бул тууралуу токмоктолгон жоокер Улан Айбек уулунун апасы “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, капитан катардагы жоокерди көз карандысыздык майрамында суусундук алып бербей койгондугу үчүн сабаган.

Чек ара кызматтынын өкүлү Сажира Чоколоеванын айтымында, бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Катардагы жоокерди сабады делген капитан Мирбек Айсарахунов кызматтынан четтетилген.

Учурда 22 жаштагы Улан Айбек уулу Ысык-Көл облустук ооруканасынын травмотология бөлүмундө дарыланууда. Ал аталган бөлүктө бир жылдан бери келишимдик негизде кызмат кылып келген. (UEz/MKo)

XS
SM
MD
LG