Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:14

Чакиев: Сайт жасоого 208 миң сом бергенбиз


Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиев “Көчмөндөр оюнуна” байланыштуу айрым интернет сайттарга чыккан маалыматтар чындыкка коошпой тургандыгын билдирди. Анын айтымында, айрым маалымат агенттиктери аталган оюнга бут тосуу үчүн атайын жалган маалыматтарды таратып жатат.

- Сайт жасоого 20 миң доллар кеткен деген маалымат туура эмес. Биз сайтты жасоого жана аны 2 ай иштетүүгө болгону 208 миң сом төлөдүк. Ал эми ресторанга сунуш кат менен кайрылганыбыз чын. Бирок бирөөнөн да жооп келген эмес. Биз бир нече ресторанга оюндун уюштуруучуларын эки ай тамак менен бекер камсыз кылып бере аласыңарбы деп өнөктөш катары сунуш бергенбиз, - деди Чакиев.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында “Көчмөндөр оюнунун” сайтын жасатууга 20 миң доллар сарпталганы тууралуу маалыматтар жарыяланган. Мындан сырткары Максат Чакиевдин айрым ресторан ээлерине эки ай оюндун уюштуруучуларын бекер тамак менен камсыз кылуу тууралуу каты да жарыяланган болчу.

Түрк тилдүү элдердин “Көчмөндор оюну” аттуу улуттук ат оюндары 9-14-сентябрда Чолпон-Атада өтөт. Ага бюджеттен 100 млн. сом бөлүнгөн. Анын 12 миллиону уюштуруу иштерине, калганы ат майданды кеңейтүүгө бөлүнгөн. Аталган иш-чарага 12 мамлекеттен миңге чукул конок келери айтылууда.(UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG