Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:04

Сариева: Чолпон-Атадагы бак кыюу токтотулсун


Вице-премьер-министр Эльвира Сариева Чолпон-Атадагы Леонид Раппопорт атындагы аллеядагы бактарды кыюуну токтотуу боюнча өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевге тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Сариева аталган аллея Ысык-Көл үчүн экологиялык, туристтик чоң байлык экенин айтып, бактарды кыюу туура эмес экенин белгилеген.

Ысык-Көл, Тоң жана Түп районунун экологиялык-техникалык инспекциясынын башчысы Таалайбек Карасартов болсо аллеядагы 178 дарак мыйзам чегинде кыйылып жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бактардын баары куурап калган.

Жергиликтүү бийлик өткөн кылымдын 30-жылдары тигилген бул аллея ордуна сентябрда өтчү “Көчмөндөр оюндарына” ылайыкталган автоунаа токтоочу жай куруларын айтууда.

Аллеядагы бактар 1926-жылы тигилген. Бул жерге Чолпон-Атадагы асыл тукум жылкы заводунун атагын чыгарган Леонид Раппопорттун аты коюлган. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG