Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:04

Ошто жер титиреди


Бүгүн саат 13:39да Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунан кабарлашты. Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Жаңы-Ноокат айылынан 6 чакырым түштүк-батыш тарапта, Борбаш айылынан 8 чакырым түштүк-чыгыш тарапта, Караташ айылынан 10 чакырым батыш тарапта, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан 30 чакырым түштүк-чыгыш тарапта, Ош шаарынан 45 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Жаңы-Ноокат, Борбаш жана Караташ айылдарында 5 баллга, Кызыл-Кыя шаарында 4 баллга жана Ош шаарында 3,5 баллга жеткен.

Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жапа чегүүлөр болгон жок. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG